Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 5-сессиясы
2021-жылдын 11-августу № 4
№ 23-мектептин ашканасына кампа куруу № 34-меткптин 3 классынын полун алмаштырууга акча каражатын ажыратуу жѳнүндѳ
Момбеков айыл өкмөтүнүн №23 орто мектептин ашканасына кампа куруу жана ашканага кээ бир жабдууларды орнотуу, № 34 орто мектептептин 3 классынын полун алмаштыруу жана санузелин орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөнованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөнованын маалыматы эске алынсын.
2. №23 орто мектептин ашканасына кампа куруу жана ашканага кээ бир жабдууларды орнотуу үчүн , № 34 орто мектептептин 3 классынын полун алмаштыруу жана санузэлин орнотууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпысы болуп 750000 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комитетинин төрайымы Ж Абдыкуловага жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
И. Абдыразак уулу |