Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 28-марты № 1/2.2

    Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү акысы, көчүп-конуу графигин жана айдоо жерлерин айдоо, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү тарифин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34 – “Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин компетенциялары” жөнүндөгү беренесине жана  айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү акысы, көчүп-конуу графиги жана айдоо жерлерин айдоо, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифи боюнчаЫлай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси С.Исмаиловдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү акысы жана айдоо жерлерин айдоо, малалоо, чөптөрүн чабуу, таңгактоо боюнча мал баккандар жана механизаторлор тарабынан кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү тарифи жана жайлоого көчүү, келүү маселеси төмөндөгүдөй бекитилсин:

-ар бир баш майда жандык үчүн бир айына---130 сом,

-ар бир баш бодо мал үчүн бир айына---700 сом,

-жер айдоо, чөп оруу ар бир сотых аянтка---45 сом,

-жер малалоо, чөп тырмоо ар бир сотых аянтка---15 сом,

-чөп таңгактоо даанасы---25 сом,

-15-апрелден жакынкы жайлоого, 10-майдан чоң жайлоого көчүп кетүү,

-20-августтан кийин жайлоодон көчүп келүү.

      

2.Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү жана айдоо жерлерин айдоо, малалоо, эгинин, чөптөрүн чабуу, таңгактоо боюнча бекитилген тариф аркылуу кызмат көрсөтүү жагы бадачыларга жана механизаторлорго милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы   Ылай-Талаа айыл аймагынын   айылдык   Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Кадыркулов