Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 28-марты № 1/3

   Айыл аймагындагы жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө,идентификациялоо жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча айыл өкмөтүнүн 2024-жылга милдеттери жана ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтүү акылары боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамынын 2-главасынын 7-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык айыл аймагындагы жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча айыл өкмөтүнүн 2024-жылга милдеттери жана ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтүү акылары боюнча тарифтери тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мал чарбасы, ветеринария боюнча адиси Т.Ташматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ылай-Талаа айыл аймагынын калкынын мал-жандыктарын сапаттуу вакцина менен эмдөө жана малдан адамга жугуучу, малдардын арасында жугуштуу ооруулардын тарап кетпешине дайыма көзөмөл жүргүзүү, жолбун иттерди жок кылуу, кара малдарды идентификациялоо, жылкыларга чип басуу боюнча иштерди колго алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге жана мал чарбасы, ветеринария боюнча адиси Т.Ташматовго милдеттендирилсин.

2.Айыл аймагында жашаган тургундардын мал-жандыктарын жугуштуу жана башка ооруларга каршы эмдөөдө ар бир баш жандык малга 20 сомдон, ар бир баш бодо малга, жылкыга 50 сомдон эмдөө акысы бекитилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө   алуу жагы   Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык   Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А.Кадыркулов