ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2024-жылы 13-майы №36
« А.Козубеков атындагы эс алуу багынын түштүк батыш тарабындагы эски каруселди буздуруу жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 08.05.2024-жылдагы № 01-17/618 сунушу “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиянын 13.05.2024-жылдагы жыйналышында каралып, корутундусу кабыл алынган.
Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, токтом кылат:
- А.Козубеков атындагы паркынын түштүк батыш тарабында эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, эски каруселди буздуруу боюнча жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
- Буздуруу иштери мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн, келишим түзүүдө анын шарттарына дыкат көңүл бурулсун, өзгөчө коопсуздук маселелери боюнча шарттары так иштелип чыксын.
- Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, Токтогул шаардык кеңешинин 13.03.2020-жылдагы кезексиз XXI сессиясынын № 13 токтому күчүн жоготту деп табылсын.