Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2024-жылы 13-майы №37
« Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга турак жай салууга жер тилкесин берүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексине”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарынаылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 08.05.2024-жылдагы № 01-17/618 сунушу “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиянын 13.05.2024-жылдагы жыйналышында каралып, корутундусу кабыл алынган.
Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, токтом кылат:
1. Токтогул шаарына караштуу Кара-Суу айылындагы 10 (он) мүмкүнчүлүгү чектелген жашоочуга, 1(бир) өтө жакыр жашоочуга турак жай салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Т.Казатов атындагы эски орто мектепке караштуу 10900 чарчы метр жер тилкесинен 5500 чарчы метр жер тилкеси ажыратылып, төмөндөгү мүмкүнчүлүгү чектелген жана өтө жакыр жашоочуларга, ар бирине жеке турак жай салууга 500 чарчы метрден бөлүнүп берилсин:
1) Алмазбекова Сабыргүл Алмазбековна - майып, экинчи адамдын багуусуна муктаж болгондуктан апасы Абдыраимахунова Айчолпон Омурахуновнага;
2)Макенов Алихан Азаматович -майып, экинчи адамдын багуусуна муктаж болгондуктан апасы Давлеткелдиева Бактыгүл Темиркановнага;
3) Сыргабаев Даурен Мирбекович - майып, экинчи адамдын багуусуна муктаж болгондуктан апасы Жаныбекова Жамила Жаныбековнага;
4) Иманалиева Кумаш Токторалыевнага –өтө жакыр жашоочу;
5) Расулбек кызы Бегимайга- бала кезинен майып;
6) Чилдебай кызы Сайкалга – бала кезинен майып;
7) Станбекова Дианага –бала кезинен майып;
8) Каныбек уулу Жанышга –бала кезинен майып;
9) Жеңишбеков Амир Уланович – майып, экинчи адамдын багуусуна муктаж болгондуктан апасы –Камчыбек кызы Ширинге;
10) Шекербеков Нурдөөлөт Жумагулович – майып, экинчи адамдын багуусуна муктаж болгондуктан апасы Качкынова Мейликан Торгоевнага;
11) Арзыкулова Насипа Ахрамовна –майып, экинчи адамдын багуусуна муктаж болгондуктан апасы Байтикова Нуриза Сыдыкбаевнага;
3. Керектүү документтерин мыйзам талаптарына ылайык даярдап берүү жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) тапшырылсын.
4. Бөлүнүп берилген жерлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө байланышкан бардык чыгымдар жогоруда аты аталган ар бир жашоочунун өздөрүнүн эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага : | М.Т. Борбугулов |