МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 5-сессиясы
2021-жылдын 11-августу № 8
Момбеков айылындагы эс алуу парктын кароолун жана багбандын эмгек акысын кароо жана сейил паркты ачууга кошумча жумуштарды аткаруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч Төлөнованын маалыматын угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөнованын маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айылындагы эс алуу парк айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке алынсын.
3. Эс алуу парктын кароолунун бир айлык эмгек акысы 3500 миң сом, багбандын бир айлык эмгек акысы 3500 миң сомдон 7000 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешитн төрагасы |
И. Абдыразак уулу |