ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2024-жылы 13-майы №38
« 1-топтогу майып К.М.Жапаровага материалдык жардам берүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарына караштуу Кара-Суу айылынын жашоочусу Жапарова Жеңишгүлдүн 29.04.2024-жылдагы арызы “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын 13.05.2024-жылдагы жыйналышында каралып, корутундусу кабыл алынган.
Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, токтом кылат:
- Кара-Суу айылынын жашоочусу Жапарова Жеңишгүлдүн арызы боюнча 13.05.2024-жылдагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
- Ага ылайык, Кара-Суу айылынын жашоочусу, 1-топтогу майып, Жапарова Кундуз Молдокеримовнага Токтогул шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган конкурстарды өткөрүүнүн жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен 10,0 миң сом материалдык жардам берилсин.
- Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
- Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.К.Дөөлөтбеков) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.