Редакцияот 11.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

  Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 5-сессиясы

2021-жылдын 11-августу № 9

 

Момбеков айыл өкмөтүнүн жанындагы эски складдарды бузуу жөнүндө

 

Момбеков айыл аймагынын жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн жербоюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

2. Көз карандысыз баалоонун корутундусунун негизинде эски складдарды бузуу жана муниципалдык менчиктеги имараттарды сатуу жана ижарага берүү комиссиянын отурумунда каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жогорудагы комиссия курамына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңешитн

төрагасы

 

И. Абдыразак уулу