Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 28-марты № 1/6
Жайыт жана ирригация маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине, 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагындагы жайыт аянттарын туура жана сарамжалдуу башкаруу боюнча алдыга коюлган милдеттер тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагында жайыт комитеттери жоюлуп, жайыт жер аянттарынын өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу жайыт жана ирригация маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишкана уюштурулсун.
2. Жаңыдан уюштурулуп жаткан “Жайыт жана ирригация маселеси” боюнча муниципалдык ишкананын тиешелүү документацияларын даярдап Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү, ишкананын жетекчисин дайындап, мөөр, штампын жасатып, штаттык бирдиктерин чечип берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Кадыркулов |