Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 24-апрели № 2/1
Ылай-Талаа айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген иш-чараларга ылайык, административдик-аймактык реформаны жыйынтыктоо үчүн “Кыргыз Республикасынын жаңы административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө” мыйзамынын долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндөгү 2024-жылдын 2-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары А.А. Касымалиев тарабынан бекитилген Календарлык планын жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү максатында Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагы менен Кара-Кулжа айыл аймагы чектешкен жериндеги 100 га жайыт эсебиндеги жер аянты Ылай-Талаа айылдык Округдук кеңешинин (IV чакырылыштагы) 2012-жылдын 13-октябрындагы № 22/1 токтомундагы белгиленген чек араларга ылайык калтырылсын жана убагында “Түлкү” фермасын түзүү үчүн Кара-Кулжа айыл аймагына өтүп кеткен кайрак айдоо жана жайыт эсебиндеги жер аянттары “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасынын 1958-жылы иштелип чыккан картанын негизинде каралсын.
3. Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына схематикалык картага кол коюу тапшырылсын.
4.Бул токтомдун бир нускасы Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Кадыркулов |