ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 24-отуруму
2024-жылдын 22-январы № 24/2
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга аткарылышы жана 2024-жылга бекитүү 2025-2026-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын
3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талды-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жалпы 24 653,5 миң сомго бекитилип, 32 548,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 29 267,5 миң сомго, анын ичинен атайын каражат 319,0 миң сомго бекитилсин.
3.2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы, киреше бөлүгү 31 801,9 миң сомго анын ичинен атайын каражат 319,0 миң сомго бекитилсин.
4.2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы, киреше бөлүгү 35 052, 2 миң сомго анын ичинен атайын каражат 319,0 миң сомго бекитилсин.
5.Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу мекеме ишканаларга, бюджеттен каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу, отчетторун өз убагында так айыл өкмөттүн каржы үнөмдөө бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме жетекчилерине тапшырылсын.
6.Арча-Булак айылынын айыл башчысы жана ВУС инспектору өкмөттүн штаттык бирдигине бекитилип берилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | Койчуман у Н. |