Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү
министрлигинин 2023-жылдын 4-августундагы № 2-д буйругу менен
БЕКИТИЛГЕН
Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар
| Коррупциялык тобокелдиктердин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык
| Коррупциялык тобокелдиктин деӊгээлдери (төмөнкү, ортоӊку, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталыштары (борбордук аппарат, аймактык же ведомстволук бөлүм, мекеме) | Коррупция тобокелдигине кабылган кызмат орундары
| Башка мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү
|
1 | СӨМдүн борбордук аппаратынын, СӨМдүн ведомстволук бөлүмдөрүнүн муктаждыктары үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер өткөрүү жана келишимдерди түзүү
| - тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн биринин кызыкчылыгын көздөө; - тендердин катышуучуларынын тендердик комиссиянын мүчөлөрү менен тил табышуу ыктымалдуулугу; - кызыкчылыктардын кагылышуусу (аффилирленгендик); - эки мааниде кабыл алууну же бир компаниянын өнүмүн баяндаган мүнөздөмөнү түзүүгө көмөктөшүүчү бүдөмүк, так эмес мүнөздөмөлөр ж. б.
| Кырдаалдык | Жогорку | СӨМ БАнын мамлекеттик сатып алуулар сектору
| Сектор башчысы, башкы адис, адис, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча комиссия
| Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
КР СӨМдүн ведомстволук бөлүмдөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча түзүмдүк бөлүмдөрү
| Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана кызматкерлери
| ||||||
2 | Ведомстволук, региондук бөлүмдөрдүн ишин текшерүү, кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү
| - аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу тобокелдиги; - текшерилип жаткан органга/кызматкерге карата "катуу" жана "жумшак" талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү. Текшерүүлөрдү жана териштирүүлөрдү жүргүзүүдө тил табышууга жол берүү
| Кырдаалдык
| Орточо | СӨМ БАнын уюштуруу-инспекциялык бөлүмү
| Бөлүмдүн начальниги, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
СӨМдүн ведомстволук бөлүмдөрүнүн инспекциялык иштер бөлүмдөрү
| Кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана кызматкерлери | ||||||
3 | Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу
| - мамлекеттик кызматка кирүү үчүн мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды берүү (протекционизм, үй-бүлөлүк); - персоналды кабыл алууда, дайындоодо, которууда, кызматка көтөрүүдө жана ротациялоодо белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын көздөө; - түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери/ кызматкерлери/конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Орточо | Кадрлар бөлүмү, СӨМ БАнын конкурстук комиссиясы
| Бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис
| Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
Кадрлар иши чөйрөсүндөгү СӨМдүн ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жана СӨМдүн ведомстволук бөлүмдөрүнүн конкурстук комиссиялары | Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана кызматкерлери
| ||||||
4 | СӨМдүн, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана аймактык органдардын финансы-чарбалык иши үчүн эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүү
| - бюджеттик каражаттарды максатсыз жана натыйжасыз пайдаланууга жол берүү; - бюджеттин аткарылышы, негизги каражаттардын эсепке алынышы жана чыгашалары боюнча контролду жүзөгө ашырууда жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүүдө текшерилүүчү органга карата "катуу" жана "жумшак" талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү | Системалуу | Орточо
| СӨМ БАнын Финансы-экономикалык пландоо башкармалыгы
| Башкармалыктын начальниги, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер
| Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
Финансы-экономикалык пландоо чөйрөсүндөгү СӨМдүн ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү
| Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана кызматкерлери
| ||||||
5 | СӨМдүн ишинин укуктук маселелерин кароодо соттордо жана башка мамлекеттик органдарда СӨМдүн кызыкчылыктарын көрсөтүү | - сот процессинин кызыкдар катышуучулары менен тил табышуу мүмкүнчүлүгү; - сот маселелери жана ички документтерди экспертизалоо боюнча сектордун кызматкерлерине апелляцияга берүүнү кийинкиге калтыруу боюнча оозеки тапшырмаларды берүү мүмкүнчүлүгү; - УКБнын сот маселелери жана ички документтерди экспертизалоо боюнча секторунун кызматкерлерине апелляцияга берүүнү кийинкиге калтырууга ж. б. карата оозеки тапшырмаларды берүү мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык
| Төмөнкү | СӨМ БА УКБнын сот маселелери жана ички документтерди экспертизалоо боюнча сектору | Сектор башчысы, башкы адис, адис
| Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
СӨМдүн укуктук маселелер боюнча ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү | |||||||
6 | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын жана "Түндүк" ММдин башка маалыматтык системаларынын пайдалануучуларына консультацияларды берүү жана методикалык коштоо
| - жеке жактарга, жеке ишкерлерге, юридикалык жактарга Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын жана "Түндүк" ММдин башка маалыматтык системаларынын колдонуучуларына консультацияларды берүүдө жана методикалык жактан коштоодо телефондук, электрондук байланыш аркылуу артыкчылык берүү | Кырдаалдык
| Төмөнкү
| Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин «Түндүк» мамлекеттик мекемеси
| Бизнес-аналитик | Жок |
7 | Паспортторду даярдоо жана жекелештирүү маселелери боюнча документтерди кабыл алуу жана тариздөө, ошондой эле аларды берүү
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу, тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы сактабагандыгы; - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу | Кырдаалдык | Төмөнкү
| РАБ; «Инфоком» МИнин КТБсы;.
| КТБнын документтерди кабыл алууну ишке ашыруучу операторлору; РАБтын кызматкерлери
| Бул тобокелдиктер ID-card жана ЖЖП (жалпы жарандык паспорт) формасындагы паспорттор менен документтештирүү чөйрөсүндө болушу мүмкүн
|
8 | Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо
| - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу; - кызмат көрсөтүүдө мөөнөттөрдү сактабагандык; - кошумча документтерди мыйзамсыз талап кылуу; - арыз ээлеринин материалдык пайда (мурас же социалдык жөлөкпул) алуусу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү; - медициналык эмес шарттарда төрөлгөн баланын төрөлүшүн мыйзамсыз каттоо.
| Кырдаалдык
| Орточо
| РАБ
| РАБтын кызматкерлери
| Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо ыйгарым укуктары Мыйзамда белгиленген чектөөлөрү менен, аймагында жарандык абалдын актыларын жазуу органы болбогон административдик-аймактык бирдиктерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) өткөрүлүп берилиши мүмкүн |
9 | Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо
| - жеке мүнөздөгү маалыматтарды жайылтуу жана мыйзамсыз сактоо; - жеке маалыматтарды иштеп чыгууда колдонулуучу жабдууларга башка адамдардын жетүүсү; - жеке маалыматтарды берүүдө жана ташууда жеке маалыматтарды уруксатсыз окууга, көчүрүүгө, өзгөртүүгө жана жок кылууга жол берүү (транспорттук контролдоо) | Кырдаалдык
| Төмөнкү
| РАБ; «Инфоком» МИнин КТБсы.
| РАБтын кызматкерлери; КТБ операторлору
| Жок |
10 | Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына, жарандыгы жок чет өлкөлүк адамдарга идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу | ИЖНди ыйгарууда акча каражаттарын мыйзамсыз алуу; - кошумча документтерди мыйзамсыз талап кылуу;
| Кырдаалдык | Орточо
| РАБ | РАБдын башчылары жана кызматкерлери
| Жок |
11 | Жарандардын көйгөйлүү ИЖНдерин актуалдаштыруу (эки кишиге 1, 2 жана андан ашык ИЖН, туулган күндөрдү оӊдоо ж.б.)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 токтому менен бекитилген Жеке идентификациялык номерди ыйгаруу, өзгөртүү тартибин сактабагандык; - кызматтарды көрсөтүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу | Кырдаалдык | Орточо
| ККД БАнын маалыматтарды иштеп чыгуу бөлүмү, РАБ
| ККДнын маалыматтарды иштеп чыгуу бөлүмүнүн кызматкерлери, РАБдын башчылары жана кызматкерлери
| Жок |
12 | Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алуу жана тариздөө
| - мөөнөттөрдү аткарбоо; - кошумча документтерди мыйзамсыз талап кылуу; - кызматтарды көрсөтүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу; - кызматкерлердин ортомчу компаниялар, адамдар менен тил табышуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык
| Орточо
| ККДнын жарандык бөлүмү; РАБ | ККДнын жарандык бөлүмүнүн кызматкерлери, РАБдын башчылары жана кызматкерлери
| Жок |
13 | Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды жана качкындарды каттоо
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибин сактабагандык; -мөөнөттөрдү сактабагандык; - кошумча документтерди мыйзамсыз талап кылуу; - кызмат көрсөтүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу | Системалуу
| Орточо
| ККДнын миграция бөлүмү; РАБ
| ККДнын миграция бөлүмүнүн кызматкерлери; РАБдын башчылары жана кызматкерлери | Жок |
14 | Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убакыттын кыска аралыгында чек арага чектеш аймакка кирүү үчүн уруксаттарды тариздөө | - чек ара аймагына кирүүгө уруксаттарды берүү жана эсепке алуу системасынын талаптагыдай көзөмөлгө алынбагандыгы; - чек ара зонасына кирүү боюнча берилген мөөнөттөрдү сактабагандык;
| Кырдаалдык
| Төмөнкү
| ККДнын миграция бөлүмү; РАБ
| ККДнын миграция бөлүмүнүн кызматкерлери; РАБдын башчылары жана кызматкерлери | Жок |
15 | Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору менен документтештирүү (Кыргыз Республикасынын паспортторун даярдоо) | - паспорттун e-ID идентификациялык картасын жана/же жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) шашылыш даярдоо үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө тийиштүү квитанцияны бербестен, шашылыш түрдө даярдагандыгы үчүн КР СӨМгө караштуу ККДнын региондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери арасында өз ара сүйлөшүп алуу жана акчалай сыйлык алуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык
| Төмөнкү
| «Инфоком» МИнин алдындагы Мамлекеттик жекелештирүү борбору (МЖБ)
| «Инфоком» МИнин алдындагы Мамлекеттик жекелештирүү борбору (МЖБ) кызматкерлери
| Нет |
16 | Архивдик маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү берүү менен социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптарды аткаруу | - маалымкаттарды берүүдөн негизсиз баш тартуу; арыз ээсинин чечимди даярдоо жана кабыл алуу процессинин катышуучулары менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү бар; - акча каражаттарын кассадан тышкары алуу
| Кырдаалдык
| Төмөнкү
| Архив кызматы
| Архив кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери
| Бул тобокелдик маалымкаттар менен архив документтерин берүү чөйрөсүнө тийиштүү болушу мүмкүн |
17 | Лицензияларды берүү
| - лицензия берүү үчүн арызды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу; - жасалма тоскоолдуктарды түзүү; - кошумча документтерди талап кылуу; - лицензия берүүнү негизсиз кечиктирүү; - арызды кабыл алууда кезектүүлүктүн сакталбагандыгы; - арыз ээсине карата калыс эмес мамиле | Кырдаалдык
| Орточо | БТЖККнын лицензиялоо бөлүмү
| Бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
| Бул тобокелдик лицензияларды жана башка уруксат документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
18 | Радиожыштык тилкелеринин номиналдарын бөлүү/ыйгаруу
| - чечим кабыл алууда маселени чечүүнүн белгиленген мөөнөтүн негизсиз ашыкча создуктуруу (убаракерчилик); - айрым жеке же юридикалык жакка карата маселени кезексиз тартипте чечүү;
- арыз ээлеринин жана байланыш операторлорунун консультациясында өз ара сүйлөшүп алуу же бир жактуу мамиле болушу мүмкүн; - жыштыктарды тандоо боюнча арыз ээлери менен кызматкерлердин тил табышуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык
| Төмөнкү
| БТЖККнын Радиожыштык спектри башкармалыгы/Радио электрондук каражаттарды эсепке алуу башкармалыгы
| Башкармалыктардын начальниктери, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер
| Жок |
19 | Радио электрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутунду берүү | - кошумча документтерди талап кылуу; - эксперттик корутунду берүүнү негизсиз кечиктирүү
| Кырдаалдык
| Жогорку
| БТЖККнын сертификаттоо бөлүмү
| Сертификаттоо бөлүмүнүн башчысы, Сертификаттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| Бул тобокелдик лицензияларды жана башка уруксат документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
20 | Байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө шайкештик сертификаттарын берүү
| - сертификаттоо боюнча иштерди уюштуруу; - сертификатталган техникалык байланыш каражаттарына инспекциялык контролдоону уюштуруу; - маселени чечүүнү белгиленген мөөнөттөн ашыкча негизсиз создуктуруу; - айрым арыз ээсине карата маселени кезексиз тартипте чечүү; - партияны карап чыгууда жана арыз ээсинен продукцияны тандап алууда макулдашуу; - сыноо лабораториясында продукциянын үлгүлөрүнө сыноо жүргүзүү учурундагы макулдашуу | Кырдаалдык
| Жогорку
| БТЖККнын сертификаттоо бөлүмү, «Бирдиктүү терезе» сектору
| Сертификаттоо бөлүмүнүн башчысы, сертификаттоо бөлүмүнүн башкы адиси, жетектөөчү адиси; «Бирдиктүү терезе» секторунун башчысы, «Бирдиктүү терезе» секторунун башкы адиси
| жок |
21 | Улуттук номерлөө ресурсун бөлүп берүү/алып коюу | - айрым лицензия алуучуларга карата кезексиз тартипте чечим кабыл алуу; - лицензия алуучулардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган маалыматтарды берүүсүн талап кылуу; - кызмат көрсөтүүдөн негизсиз баш тартуу | Кырдаалдык
| Төмөнкү
| БТЖККнын Мониторинг жүргүзүү жана аналитика башкармалыгы | Мониторинг жүргүзүү жана аналитика башкармалыгынын начальниги жана кызматкерлери
| Жок
|
22 | Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында радиожыштык спектрине радиомониторинг (радиоконтроль) жүргүзүү | - чечим кабыл алууда маселени чечүүнүн белгиленген мөөнөтүн негизсиз ашыкча создуктуруу (убаракерчилик); - кызматтык (эмгектик) милдеттеринде каралган иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын кызмат адамдарынын бузуусу; - РЭСтин санкцияланбаган иши жана байланыш операторлору тарабынан радиожыштык спектрин пайдалануу жаатында башка мыйзам бузуулар табылганда байланыш операторлору менен тил табышуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык
| Орточо | БТЖККнын Радиомониторинг башкармалыгы;
БТЖККнын Түштүк радиомониторинг башкармалыгы, БТЖККнын Чыгыш радиомониторинг башкармалыгы | Түштүк/Чыгыш радиомониторинг башкармалыктарынын начальниктери, башкы адистери, жетектөөчү адистери, адистери
| Жок |
23 | Лицензия алуучулар тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышы боюнча алардын лицензиялык талаптардын аткарышын контролдоо
| - белгиленген мыйзам бузууларды жашыруу; - кызматтык (эмгектик) милдеттеринде каралган иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын кызмат адамдарынын бузуусу; - кызматтык (эмгектик) иштин олуттуу элементи болуп саналган кызматтык эсепке алуу жана отчеттук документтерде бурмалоо, жашыруу же атайылап жалган маалыматтарды берүү; - кызматтык (эмгектик) милдеттерине ылайык чечимдерди кабыл алууну талап кылган учурларда аракетсиздик | Кырдаалдык
| Жогорку
| БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы, жетектөөчү адис, адис
| Жок
|
24 | Жыштык ыйгарууга лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү
| - жарандардын же юридикалык жактардын укуктарын ишке ашыруу менен байланышкан чечимдерди кабыл алууда маселени чечүүнүн белгиленген мөөнөтүн негизсиз ашыкча создуктуруу (убаракерчилик), кезектеги кайрылуулардын көп экендигине карабастан айрым жеке же юридикалык жактарга карата маселени кезектен тышкары бүткөрүү; - кызмат адамынын же анын туугандарынын материалдык муктаждыктарын канааттандыруу менен байланышкан жеке маселелерди чечүүдө өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу | Кырдаалдык | Жогорку | БТЖККнын Радиоэлектрондук каражаттарды эсепке алуу башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Жок |
Кыскартуулардын тизмеси:
СӨМ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
СӨМ БА - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппараты;
Архив кызматы – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы;
ККД - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти;
РАБ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмү;
«Инфоком» МИ - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы;
КТБ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» МИге караштуу Калкты тейлөө борбору;
БТЖКК - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы.