Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 7-сессиясы
2021-жылдын 9-сентябры № 7
Чек айылындагы 8450,0 чарчы метр жер аянтын муниципалдыкменчике алып, жеке менчике сатуу жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Момбеков айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын 7-сессиясы
токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Чек айылындагы Ош-Бишкек жолунун боюнан 8450,0 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
3. Чек айылындагы Ош-Бишкек жолдун боюндагы 800,0 чарчы метр, 800,0 чарчы метр, 800,0 чарчы метр, 800,0 чарчы метр, 800,0 чарчы метр, жер аянттары Чек айылындагы кафенин түндүк тарабынан 250,0 чарчы метр, 500,0 чарчы метр, 500,0 чарчы метр, 500,0 чарчы метр, 1000,0 чарчы метр, 1000,0 чарчы метр жер аянттары жана Кыпчак-Талаа көпүрөсүнө чейин жолдун сол тарабынан 700,0 чарчы метр жер аянттары муниципалдык менчике алынып, аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
4. Аукциондо сатылуучу жер аянттарынын тийиштүү документтерин даярдоо жагы жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
И. Абдыразак уулу |