Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.
5. Ишкананын фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызавтожол-Север" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргызавтожол-Түндүк" МИ";
2) расмий тилде: ГП "Кыргызавтожол-Север".
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалар менен коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкананын өз алдынча балансы бар жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантияны) алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Ишкананын пайдасынын бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 200.
2-глава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын ишинин негизги максаты болуп жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо боюнча иштерди аткаруу, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу, ошондой эле мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын жол чарбасы чөйрөсүндөгү муктаждыктарын канааттандыруу саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакциясына ылайык)
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын учурдагы оңдоо, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу боюнча иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруунун сапатынын ченемдик деңгээлин автомобиль жолдорунун абалы жана күтүү боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын талаптарына ылайык камсыз кылуу;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын оңдоого, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) курууга бөлүнгөн финансылык жана материалдык ресурстарды, анын ичинде прогрессивдүү жана ресурстарды үнөмдөөчү жол технологияларын жана материалдарын ишке киргизүүнүн эсебинен максаттуу, үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу;
3) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын эксплуатациялоо үчүн арналган имараттарды жана курулмаларды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди, транспортту жана башка негизги фонддорду жана каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, аларга бекитилип берилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн аларды талаптагыдай өз убагында оңдоону уюштуруу;
4) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакциясына ылайык)
14. Ишкана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарын сактоо менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды аткарууну, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) курууну өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу;
2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды, ошондой эле аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) капиталдык, орточо жана учурдагы оңдоо, абаттоо боюнча жумуштарды аткаруу;
3) жолдорду жана көпүрөлөрдү, транспорттук курулмаларды, коргоочу дамбаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарын жүргүзүү жана мамлекеттик маанидеги башка объекттерди куруу;
4) транспорттук жана өнөр жай-жарандык курулушу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
5) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын транспорттук-эксплуатациялык абалына туруктуу байкоо жүргүзүү;
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана алардагы жасалма курулмалардын техникалык абалын баалоо;
7) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол кыймылын уюштуруу схемаларын, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол белгилерин, жүрүүчү бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жана чиймелерин жайгаштыруу схемаларын белгиленген тартипте иштеп чыгуу;
8) оор салмактуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүдө келтирген зыянынын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
9) автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана абаттоо жөнүндө сунуштарды даярдоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, автомобиль жолдорунун зыяндуу таасиринен экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
10) автомобиль жолдорун пайдалануучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына, ошондой эле башка кызыкдар жактарга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүү шарттары жөнүндө маалымдоо;
11) жол жана жол боюндагы тейлөө объекттерин уюштуруу;
12) жүк ташууларды, жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук-экспедициялык жумуштарды жүзөгө ашыруу;
13) продукцияны, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү даярдоого жана сатууга келишимдердин негизинде юридикалык жана жеке жактар (анын ичинде чет өлкөлүк) менен өз ара мамилелерди жүзөгө ашыруу;
14) оңдоо-курулуш материалдарын өндүрүү, сатып алуу жана сатуу;
15) карьердик жумуштарды жүргүзүү;
16) пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык жана жер астындагы ыкмалар менен иштетүү;
17) жол курулушу чөйрөсүндө адистерди уюштуруу жана окутуу;
18) франко-кампа чарбаларын уюштуруу;
19) жол курулушу, жолдордогу инженердик системалар жана курулмалар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илимий-техникалык жана тажрыйба-конструктордук жумуштарды аткаруу;
20) илимдин жана техниканын жол курулушу жаатындагы жетишкендиктерин жол курулушуна киргизүү, курулуш материалдарын, конструкцияларды, инженердик системаларды жана курулмаларды өндүрүү;
21) илимий-техникалык консультация кызматтарын көрсөтүү;
22) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
23) Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароону, аларга жазуу жүзүндөгү жоопторду даярдоону камсыз кылуу.»
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакциясына ылайык)
15. Лицензияланууга (уруксат алууга) тийиш болгон иштин түрлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырылат.
16. Ишкана көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша, Ишкананын кызыкчылыктарын эске алып же кардар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз алдынча белгилеген баалар жана тарифтер боюнча ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
17. Түз каржылоо учурунда мамлекеттик муктаждыктар үчүн жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча баалар жана тарифтер мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана монополияга каршы орган менен макулдашылууга тийиш.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашырууга;
2) эл аралык финансылык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү эл аралык инвестициялык конкурстарга жалпы негиздерде катышууга;
3) рынок конъюнктурасына жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоого;
4) ушул Уставда каралган иштин багыттарынын чегинде талаптардын жана суроо-талаптын негизинде заказдардын портфелин түзүүгө жана өзүнүн финансы-чарбалык ишин жүзөгө ашырууга;
5) келишимдердин (контракттардын) негизинде мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын чарбалык субъекттеринин жана калкынын керектөөлөрүнө ылайык аткарылуучу жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоого;
6) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
7) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
8) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттенмелерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдүн аймагында да юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
10) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке жактарды белгиленген тартипте тартууга;
11) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде зарыл болгондо чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
12) эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырууга;
13) зарыл болгон учурда мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
15) мүлктү пайдаланууга жана тескөөгө, милдеттерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
16) улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда өздүк негизги каражаттарга жана жүгүртүү каражаттарына ээ болууга;
17) атайын мекемелерде, мамлекеттик жана башка банктарда, ишканалардан жана жарандардан, анын ичинде чет өлкөлүктөрдөн кредиттерди алууга;
18) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
19. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерин аткарууга;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн комплекстүү, келечектүү жана күндөлүк пландарын иштеп чыгууга;
3) курулуштун натыйжалуулугун жогорулатуу, капиталдык салымдарды, негизги фонддорду, эмгектик, материалдык жана финансылык ресурстарды пайдалануу маселелерин чечүүнү камсыз кылууга;
4) өзүнүн курулуш комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, подряддык жумуштардын сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга;
5) өзүнүн курулуш объекттери боюнча долбоорлорду иштеп чыгууну уюштурууга, аларды белгиленген тартипте экспертизага жана бекитүүгө берүүгө;
6) жолдорду жана жасалма курулмаларды курууда илимдин жетишкендиктерин менен алдынкы технологияларды киргизүүнү жүзөгө ашырууга жана камсыз кылууга;
7) кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылуучу жумуштарды Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
9) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
10) кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтирбестен алардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүүчү жагымдуу эмгек шарттарын, тиричиликтик жана башка зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
11) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
12) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салыктык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик, статистикалык жана оперативдүү эсептерди жүргүзүүгө жана алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга жана жүргүзүүгө;
15) чарба жүргүзүүгө өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
4-глава. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын башкы директорунун жана филиалдардын директорлорунун кызмат орундарына талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
9) филиалдардын директорлорун дайындоого талапкерлерди макулдашуу;
10) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) башкы директордун отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын башкы директорун кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
22. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарууга.
5-глава. Ишкананын түзүмү жана башкаруу
23. Ишкананын түзүмү өзүнө Ишкананын борбордук аппаратын жана филиалдарын камтыйт.
24. Ишкананы башкарууну мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келген, мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жүзөгө ашырат.
25. Башкы директор эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Башкы директор төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишине канааттандырарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
2) ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттер аткарылбаганда же талаптагыдай аткарылбаганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттерде;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Башкы директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ишкананын уюштуруу түзүмү менен штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында Ишкананын кызыкчылыктарын билдирүү;
12) башкы директордун орун басарларынын, башкы инженердин, Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жана адистеринин ыйгарым укуктарын белгилөө;
13) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашыруу;
14) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү;
15) Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгаруу, алардын аткарылышын контролдоо;
16) мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескөө;
18) Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Башкы директор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Ишкананын ушул Уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун, ошондой эле аларды коргоо тартибин аныктоого;
6) Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
29. Башкы директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана стратегиялык өнүктүрүү планы үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы болбосун чөйрөсү менен байланышкан бардык керектүү маалымат жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ага белгилүү болгон бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткарууга.
30. Башкы директордун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
31. Башкы директор өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдеринин максаттуу пайдалануу, өндүрүштөгү коопсуздук техникасын сактоо үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
Башкы директор коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ишканада башкы директордун үч орун басарынын кызмат орду каралган. Башкы директордун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдердин кабыл алынышына катышат, жетекчи менен жетекчинин орун басарларынын арасында бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык өзүнө жүктөлгөн, бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишин жетектейт.
Башкы директор жок учурда Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу башкы директордун тиешелүү буйругунун негизинде башкы директордун биринчи орун басарына өткөрүп берилет.
34. Башкы директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу башкы директордун орун басарына жүктөлөт.
35. Ишкананын башкы бухгалтери башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз ага баш иет. Башкы бухгалтер Ишкананын финансы каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуунун тууралыгы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
36. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде курулат.
37. Ишкананын төмөнкүдөй филиалдары бар, алардын иши үчүн Ишкана толук жоопкерчилик тартат:
1) № 1 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
2) № 9 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
3) № 25 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
4) № 28 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
5) № 32 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
6) № 39 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
7) № 42 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
8) № 43 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
9) № 954 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
10) № 8 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
11) № 15 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
12) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) № 24 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
14) № 955 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
15) № 957 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
16) № 6 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
17) № 19 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
18) № 36 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
19) № 47 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
20) № 48 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
21) № 3 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
22) № 4 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
23) № 7 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
24) № 10 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
25) № 11 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы;
26) № 35 жол эксплуатациялоо ишканасы филиалы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Ишкананын филиалдары менен өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
39. Ишкананын филиалдары юридикалык жак болуп саналбайт жана Ишкана тарабынан бекитилген филиалдар жөнүндө жоболордун негизинде иштейт. Филиалдардын банктарда эсептери, номерин жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышын көрсөтүү менен штамптары менен мөөрү бар.
40. Филиалдардын жетекчилери мамлекеттик башкаруу органынын жетекчисинин макулдугу боюнча башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат жана аларга башкы директор тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде иштейт.
41. Ишкананын филиалдарынын жетекчилери кызмат ордунан бошотулганда көрсөтүлгөн ишеним каттардын колдонулушу токтотулат.
6-глава. Финансы-чарбалык иш, эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
42. Ишкана финансы-чарбалык ишти стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
43. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын түшүндүрмөсүн;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана тарабынан өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана тарабынан өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногуна мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планын;
8) тобокелдиктерди талдоону.
44. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жөнөтүүчү, ижарачы жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
45. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин башка кандай болбосун шарттарын аныктоодо эркин.
46. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) мамлекеттик башкаруу органына;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
48. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын башкы директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган кийинки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
49. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
50. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, маалыматты толук эмес бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчеттуулукту бурмалаганы үчүн Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
51. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан белгиленген тартипте алардын компетенциясынын чектеринде текшерилет.
7-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы
52. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана мамлекеттик менчик болуп саналган жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо иштерин аткаруу, экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
54. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү колдонуунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинен киреше, түшүм, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
55. Ишкананын машиналары менен механизмдери Ишкананын бюджетинде каралган каражаттары болгон учурда глобалдуу жайгаштыруу системасынын (Global Positioning System) навигациялык аппаратурасы же глобалдуу навигациялык спутник системасы (ГЛОHACC) менен жабдылууга тийиш.
56. Ишкана тарабынан жеке финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарына жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, колдонуу жана тескөө укуктарын жүзөгө ашырат.
57. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
58. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
59. Жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) толук өлчөмдө ишке ашыруу үчүн жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгында алынган таза кирешени жиберет.
60. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же бул мүлктү уюштуруучунун макулдугусуз башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
61. Ишкана өндүрүштүк иштин натыйжаларын, чыгарылган продукцияны, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр төлөнгөндөн кийин Ишкананын карамагында калган алынган таза пайданы өз алдынча тескейт.
62. Ишкананын карамагында калган таза пайда Ишкана тарабынан төмөнкүлөргө колдонулат:
1) заманбап техниканы жана технологияларды ишке киргизүүгө жана өздөштүрүүгө;
2) Ишкананын финансы-чарбалык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, жүгүртүү каражаттарын толуктоого;
3) негизги фонддорду курууга, реконструкциялоого, жаңыртууга;
4) Ишкананын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
63. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
64. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
65. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте турган (акционерленген) ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп өзгөртүп түзүлөт.
66. Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
67. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси менен;
2) соттун чечиминин негизинде.
68. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын башкы директор башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгер чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
69. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.