Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 7-сессиясы
2021-жылдын 9-сентябры № 8
Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясын түзүү жана “Диалогдук аянтча жөнүндө” Жобону бекитүү
Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комисиясын түзүү жана “Диалогдук аянтча жөнүндө” Жобону бекитүү максатында Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакта бизнести жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык прогарммаларды иштеп чыгуу жана долбоорду ишке ашыруу максатында “Жергиликүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы” төмөнкү курамда түзүлсүн:
1. Осмонова Н
2. Тажикул уулу М
3. Бердибеков А
4. Кыдыралиев А
5. Стамбаев Т
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө айы аймактын экономикалык өнүгүү программасын түзүү боюнча иликтөө жүргүзүү жана башка тийиштүү иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын ишкерлердин, аярлуу топтордун, коомдук уюмдардын өкүлдөрүкатышып, тажрыйба алмашуу жана айыл аймагынын экономикалык, соуиалдык, маданий, саясий маселелерин жана көйгөйлөрүн биргелешип чечүү максатында Диалогдук аянтча түзүлсүн жана Жобосу бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Д. Молдокеримовко жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
И. Абдыразак уулу |