Редакцияот 12.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 1- уюштуруу отуруму

2021-жылдын 12-майы № 1/1

Корул айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 28-беренесинин 1-пунктуна таянып, Корул айылдык кеңешинин регламентин бекитүү боюнча Корул айылдык кеңешинин отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Корул айылдык кеңешинин регламенти өзгөртүү, толуктоолор менен кабыл алынсын (регламент тиркелет).

 

2. Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу, айылдык кеңештин депутаттарынын, туруктуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин жана Регламентти Юстициядан каттоодон өткөрүү жагы Корул айылдык кеңешинин жооптуу катчычысы конкурстан өтүп келгичекти Корул айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы И.Абдылдаевге тапшырылсын.

 

3.  Бул токтомду аткаруу Корул айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Корул айылдык

кеңешинин улуу депутаты

 

Кадыров А.