Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму
2024-жылдын 20-февралы № 21/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
2022-жылга аткарылышы, 2023-жылга карата маалыматы, 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2025-2026-жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 - беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 73 289,4миң сомго, анын ичинен: Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферттер жок, өздүк киреше 56 383, 4 миң сомго жана атайын каражат 6059, 5 миң сомго, республикалык бюджеттен 8 156, 2 миң сомго, өткөн жылдан өткөн калдык 2 690,3 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 67 031, 8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 61 280, 0 миң сомго, анын ичинен: республикалык бюджеттен берилүүчү тендештирүүчү трансферттер жок. Аткарылганы 96 235, 6 миң сомго анын ичинен Республикадан берилүүчү максаттуу трансферттер -5 959, 4 миң сом, откон жылдан откон калдык 8 947, 9 миң сом,атайын каражат 6 473, 6 миң сомго өздук киреше 74 854, 7 миң сом жана чыгаша болугу 77 995, 6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 78 208, 0 миң сомго анын ичинен: республикалык бюджеттен берилүүчү тендештирүүчү трансферттер жок, өздүк киреше 73 308, 0 миң сом, атайын каражат 4900, 0 миң сомго бекитилсин.
4. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 85 521, 0 миң сомго анын ичинен: республикалык бюджеттен берилүүчү тендештирүүчү трансферттер жок, өздүк киреше 80 621, 0 миң сомго, атайын каражат 4900, 0 миң сомго долбоорунун болжолу белгиленсин.
5. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 96 003, 0 миң сомго анын ичинен: республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферттер жок, өздүк киреше 91 103,0 миң сомго, атайын каражат 4900, 0 миң сомго долбоорунун болжолу белгиленсин.
6.Гүлчө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчилерине, социалдык мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, эсеп-кысабын өз мөөнөтүндө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестицияларды тартуу жана ишкердик кылуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
8.Жергиликтүү бюджетинин акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.К.Исаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Исмаилов.
|