ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму
2024-жылдын 20-февралы № 21/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январына карата өздүк кирешесинен 11 661,4 миң сом калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 11 661,4 миң сом, анын ичинен бюджетте 11 173,9 миң сом жана атайын каражаттан 487,5 миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2.Айылдык кеңештин заседаниесинде талкууланган 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 11 661,4 миң сом, анын ичинен бюджетте 11 173,9 миң сом жана атайын каражаттан 487,5 миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Исмаилов. |