Редакцияот 13.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 13-сентябры № 21

Арал  айыл өкмөтүнүн  аппарат  кызматкерлеринин  типтүү түзүмүн  жана  штаттык санын  бекитүү  жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү оз  алдынча  башкаруусунун аткаруу  органынын  типтүү түзүмүн  жана  штаттык санын  бекитүү  жөнүндөгү” токтомуна  ылайык,Депутаттардын Аралайылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы  

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.            Айыл өкмөтүнүн  калкынын  санына жараша  айыл  өкмөтүнүн типтүү  түзүмү   жана штаттык  саны 14  штаттык бирдик   болуп  бекитилсин.

2.            2021жылга  эмгек маяналарынын  фонду  бекитилип калгандыктан  жаңы  түзүлгөн кызмат  ордуларына  эмгек маяналарын  каржылоо  жагы 2022-жылдын   бюджетинен  каралсын.

3.            Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Арал айыл  өкмөтүнүн  башчысынан суралсын.

 

 

Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К. Талантбеков