Жер комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана иш регламентин бекитүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн АЖМФ 312 кайракы жерлерин ижарага берүү
максатында Арал айыл өкмөтүнүн аймагында мурда түзүлгөн жер комиссиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана иш регламентин бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн АЖМФ жерлерин ижарага берүү максатында
Арал айыл өкмөтүнүн аймагында мурда түзүлгөн Жер Комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү менен түзүлсүн. Алар:
§ К.Талантбеков - Арал айылдык Кеңештин төрагасы, комиссиянын төрагасы;
§ О.Мамбеталиев – Арал айыл өкмөтүнүн жер, коммуналдык менчик өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
§ А.Кыдыров – Арал айылдык Кеңешинин депутаты ,
§ К.Асыранов – Аксакалдар сотунун төрагасы,
§ Талас райондук а/ч департаментинин өкүлү- макулдашуу менен ,
§ А.Көчөрбаев – Арал айыл өкмөтүнүн башчысы.
2.Жер комиссиясынын иш регламенти № 243 токтому менен жактырылган АЖМФнын жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде алып барылсын жана бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасы К.Талантбеков