Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 4-декабры № 28
Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган айыл өкмөтүнүн социалдык - экономикалык жактан жогорулатууга багытталган долбоор жөнүндө
Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган айыл өкмөтүнүн социалдык - экономикалык жактан жогорулатууга багытталган, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 13-сентябрында болуп өткөн VIII-чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын № 23 токтому менен макулдук берилген долбоорлор кароодон өтпөй калгандыгы тууралу Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги V – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан жогорулатууга багытталган төмөндөгүдөй долбоорду ишке ашырууга макулдук берилсин. Ал:
§ Айыл аймагына МТС база куруу;
2. Талас райондук өнүктүрүү фондусунан айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду аткарууга 3199878 миң (3 миллион 199 миң 878) сом акча каражаты суралсын.
3. Өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу бул токтомду 2021-жылдын 13-сентябрында болуп өткөн Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын № 23 токтому катары каттоого уруксат берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана долбоорду ишке ашыруу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Талантбеков |