Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 14-майы №4/2
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө берилген протоколдук тапшырмалардын жана аткарылган иштеринин отчетун алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго берилген протоколдук тапшырмалардын жана аткарылган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун берген маалыматы боюнча добушка коюлсун
Канаатандырарлык-20
Калыс-0
Каршы -0
Канааттандырарлык эмес-0
2.Жогорудагы жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун иши канаатандырарлык деп табылсын.
Төрага | Э. Бактыгулов |