Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ИСХАК ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы

 

2023-жылдын 30-ноябры № 104

Муниципалдык базар жөнүндө

 

Исхак-Полотхан айылдык кеңешининкезексиз отуз экинчи сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан  айылдык  кеңеши токтом кылат:

1.Халмион айылдык кеңешинин 06.11.2010-жылдагы №14/2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү  Халмион айылдык кеңешинин 02.05.2019-жылдагы  №76 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилсин.

 

2.Кадамжай райондук мамлкеттик администрациясынын 17.01.2011-жылдагы №1-4/03 токтому менен трансформацияланган 12 га жер аянты муниципалдык менчиктеги базар соода түйүндөрүн ачуу  багытында иштетилсин.  

 

3. Муниципалдык базарга  кирген жолдорду тактап жолдорду ачуу масатында Баяман баатыр базары менен чектеш жайгашкан коммерциялык багыттагы жерлердин трансформация боюнча иш кагаздары,  айыл өкмөтү менен Баяман баатыр базарынын эски базардын ордуна жер алмаштыруу  боюнча түзүлгөн келишим,  жана башка тийиштүү документтер боюнча маалымат берүү Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго)   милдеттендирилсин.

 

4. Айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте муниципалдык базардын чегараларын баштапкы генпланга ылайык так аныктоо, муниципалдык базарды иштетүү боюнча иш-чаралар планын   01.01.2024-жылга айылдык кеңештин кароосуна сунуштоо;

-Муниципалдык базардын соода павилиондорунун, курулуш  материалдарды сатуу бөлүгү,  унаа токтотуучу жайлар  жана башка соода жайларынын жайгашуусу боюнча долбоорун иштеп чыгуу    Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө  (Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.  

6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.

 

Төрага

З. Ы. Кожонов