ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 22-отуруму
2024-жылдын 21-февралы № 2
“Гүлчө” айыл аймагынын айылдык кеңеши"
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Гүлчө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Будалык жана Гулчө айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: " Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Гульчинского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: " Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Гульчинского айылного аймака"
2. Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
3. Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району, Гүлчө айылы, Алымбек датка көчөсү № 174 болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | К.Т.Исмаилов. |