АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жылы 05-апрель №5
«“Көк-Ирим МТС” муниципалдык ишканасы менен Көк-Ирим жайыт комитетинин 3(үч) жылдык бюджетин кароо жөнүндө »
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Эпеев Акылбек Молдожумаевичтин «Көк-Ирим МТС” муниципалдык ишканасы менен Көк-Ирим жайыт комитетинин 3(үч) жылдык бюджетин кароо жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Көк-Ирим МТС” муниципалдык ишканасы менен Көк-Ирим жайыт комитетинин 3 (үч) жылдык бюджетин кароо жөнүндө” маалыматы канааттандырылсын.
- Көк-Ирим МТС” муниципалдык ишканасы менен Көк-Ирим жайыт комитетинин 3 ( үч) жылдык бюджетин карап, кийинки кезектеги сессияга корутунду киргизүү жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболотко жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эпеев Акылбек Молдожумаевичке тапшырылсын.
- Туруктуу комиссияларга текшерүүгө керектүү документтерди тиешелүү кызматкерлерден алып берүү жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырам.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Н.Т. Жээнбаев |