АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылы 18-апрель №6
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Атай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Атай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жана Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Атай айыл өкмөтүнүн htt.//atay.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырам
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары : |
Н.Мейманбеков |