Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 17–майы № 22
Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр, Орто-Боз айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан проектисин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктунун 4-5-пунктчаларына ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-майындагы отурумунун №2 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы Токтом кылат
1. Айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосу менен Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн кызматташтык келишими бекитилсин.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланган.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: Ысаков С.Б.