Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2024-жылдын 17–майы № 23
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын Аксакалдар чайканасын Байчечекей бала бакчасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесин 6-пунктуна ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 14-майындагы отурумунун №3 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын Аксакалдар чайканасына караган имарат жана жерлери, Байчечекей бала бакчасына өткөрүлүп берилсин.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: Ысаков С.Б.