Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/2
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылга бекитилген сметасында такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет комиссиясынын 2024-жылдын 10-майындагы № 5 протоколунун негизинде карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктарынын негизинде , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылга бекитилген сметасында өздүк кирешенин үнөмдөлгөн бөлүмдүн беренелерине зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу планга өзгөртүү киргизип тактоо жагы каралсын.
К/№ | Бөлүм аталышы | Берене аталышы | Берене | Өздүк киреше | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Бала бакча | имараттар жана курулуштар | 3111 |
| 3100,9 |
2 | Эконом маселелер | имараттар жана курулуштар | 3111 | 3100,9 |
|
3 | Эконом маселелер | машиналар жана жабдуулар | 3112
|
| 3 000,0 |
| Эконом маселелер | имараттар жана курулуштар | 3111 | 3 000,0 |
|
| Бардыгы |
| 6100,9 | 6100,9 | |
2.Жогорудагы акча каражатын 2024-жылга бекитилген сметанын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаев жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |