Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/3
«Нур-Тейит» жана «ЖолМедКен» ЖЧК нын Сары-Таш кени үчүн төлөнгөн лицензиядан адашып түшүп калган акча каражатын кайтарып берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5 – отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20.10. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Нур-Тейит» жана «ЖолМедКен» ЖЧК нын Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине адашып түшүп калган 3 958 849 миң (үч миллион тогуз жүз элүү сегиз миң сегиз жүз кырк тогуз ) миң акча каражаты Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тиешелүү бюджетке кайтарылып берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Н. Тажибаевге жана финансы , экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |