Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/4
Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасына Гүлчө айыл аймагын сапаттуу тейлөө үчүн кредитке 21 (жыйырма бир) млн 716 (жети жүз он алты миң ) сомго1 (бир) даана эксковатор, 1 (бир) даана таштанды ташуучу автомашина , 1 (бир) даана самосвал автомашинасын сатып алуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5 – отуруму, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасына , Гүлчө айыл аймагын сапаттуу тейлөө үчүн , кредитке 21 (жыйырма бир) млн 716 (жети жүз он алты миң ) сомго 1 (бир) даана эксковатор, 1(бир) даана таштанды ташуучу автомашина , 1 (бир) даана самосвал автомашинасын сатып алуу үчүн макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |