Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/5
Алай районунун Гүлчө айылындагы автобекетти Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин сунушун угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 - беренесинин 5 - пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай районунун Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 4163,00 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан автобекетти имараты менен Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык иш-кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы боюнча маселелер, муниципалдык менчик, коммуникация, жол боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |