Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/6
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Гүлчө автобекет” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин сунушу боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 – беренесинин 5 - пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндө жайгашкан , жалпы аянты 4163,00 чарчы метр жер тилкесиндеги автобекет имараты менен Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөндүгүнө байланыштуу , Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасы болуп түзүлсүн.
2.«Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасынын айланасында жайгашкан соода-сатык түйүндөрүнүн ижара акысы, мурдагы жеке менчиктеги эски тариф боюнча убактылуу калтырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик , кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |