Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2024-жылдын 17–майы №27
Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына
төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги токой чарба кызматынын Баткен токой чарбасынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №11 сандуу катын 2024-жылдын 17-майында Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын жүрүшүндө ар түрдүү маселелердин катарында каралып, токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн тарифтерди бекитүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартиби жөнүндө” токтомунун “Чөп чабуу жана мал жаюу“ 40-41-пункттарын негиз кылып, Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитети иштеп чыккан бааларга ылайык, карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы Токтом кылат
1. Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифи таблицада көрсөтүлүп бекитилди.
1 | Ийри мүйүздүү малдар үчүн (КРС) | 1 айга 30 сом | 30*5=150 сом |
2 | Музоолору үчүн | 1 айга 15 сом | 15*5=75 сом |
3 | Майда малдар үчүн (МРС) | 1 айга 8 сом | 8*5=40 сом |
4 | Козу-улактар үчүн | 1 айга 8 сом | 8*5=40 сом |
5 | Жылкылар үчүн | 1 айга 30 сом | 30*5=150 сом |
6 | Кулундар үчүн | 1 айга 30 сом | 30*5=150 сом |
7 | Топоздор үчүн | 1 айга 30 сом | 30*5=150 сом |
8 | Мамалактары үчүн | 1 айга 30 сом | 30*5=150 сом |
3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: Ысаков.С.Б