Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/7
Гүлчө айылындагы стадиондун эмеректери үчүн коюлган акча каражатын, стадиондун капиталдык ремонту үчүн багытын жылдырып берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун негизинде , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы стадиондун эмеректери үчүн коюлган акча каражаты эске алынсын жана стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жылдырылсын.
2. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Тажибаевге жана финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |