Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/8
Гүлчө айылындагы борбордук стадионду капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн райондук өнүктүрүү фондусуна сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун негизинде , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айылында жайгашкан борбордук стадионду капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Алай өнүктүрүү фондунан суралып жаткан долбоордо көрсөтүлгөн жалпы 5 519 300 (беш миллион беш жүз он тогуз миң үч жүз миң ) сом, өздүк салым үчүн 3 181 535 (үч миллион бир жүз сексен бир миң беш жүз отуз беш ) миң сом акча каражаты 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |