Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/9
Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын таштанды тарифтерин бекитүү жана таштанды таштоочу жайга акы төлөп кирүү боюнча тариф бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору Ж.Калдыбаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, 01.03.2022-жылдын 11-отурумунун №11/3 токтомун өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесинин 4-11-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын автомашиналарынын кызмат акысын , мекеме – ишканалардын таштандыларын чыгаруу үчүн тарифтери келишимдин негизинде төмөндөгүдөй тарифте бекитилип берилсин:
1. Портер автомашинасынын кызмат көрсөтүү акысы ар бир рейси - 1000 сом
2. МАЗ автомашинасынын 8 тонна суу алып берген кызмат акысы ар бир рейси-1500 сом3. Мерс-418 автоунаасынын ар бир рейсине -1500 сом
4. Автовышка автоунаасына саатына -700 сом5. Погрузчик автотехникасынын бир саатына :
6. Гүлчө айыл аймагы үчүн - 2615 сом7. Гүлчө айыл өкмөтунүн элдери үчүн – 2615 сом
8. Башка айыл өкмөтү жана мамлекеттик ишканалар үчүн - 3007 сом
9. Жеке менчик фирмаларга – 3399 сом
2. Ишканалардын, жеке менчик коммерциялык (юридикалык жактар үчүн) ишканалардын бир айга болгон төлөм тарифи:
- 50 м2 аянтка дүкөндөр , тез-татымдар, аптекалар, чачтарачканалар, вулканизациялар, ж.б. ишканалар үчүн бир айда - 300 сом
- 50 м2 тан 100 м2 га чейинкилер бир айда - 700 сом
- 100 м2 тан жогорку ишканалар, кафелер, ресторандар ж.б жеке менчик ишканалар бир айга - 1000 сом
3. Аянты чоң ишканалар (юридикалык жактар үчүн) таштанды көп чыгаруучу ишканалар үчүн :
- Базар, « Элиме», «Чолпон» кафеси, «Абдибаит»кафеси, «Престиж» кафеси, «Бообек» кафе, «Абдибаит» кафе-ресторан, «Ай-Көкүл» рестораны, «Ак Бата Гранд» рестораны жана башка ишканалар, жеке менчик ишканалардагы таштандыларды алып чыгуу күндөрүн эсептөө менен келишим түзүү жана тарифти – 4000 сомго чейинки өлчөмдө бекитүү
4. Таштанды таштоочу жайга автоунаалардын таштанды таштоолору боюнча тарифтер:
- ХОВО, Шахман автоунаалары үчүн ар бир рейси - 500 сом
- КАМАЗ автоунаасынын ар бир рейси - 500 сом
- ЗиЛ автоунаасынын ар бир рейси – 300 сом
- Мерс, портер автоунааларынын ар бир рейсине – 200 сом
- Лабо, Муравей унаалары үчүн -100 сом
- Автоцистерна Камаз автоунаасынын ар бир рейсине - 500 сом
- Ац-Газ – 53 автоунаасынын ар бир рейси - 300 сом болуп белгиленсин.
5. Гүлчө айыл аймагындагы ар бир кожолуктан (физикалык жактар үчүн) чыгарылуучу таштандылар үчүн төлөм айына 100 (жүз) сомдон болуп бекитилсин.
6. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору Ж.Калдыбаевге милдеттендирилсин.
7. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |