Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/10
Алай районунун жалпы дарыгердик практика борборунун борбордук ооруканасынын аймагында эгилген теректер жетилип, куурап-чирип, коопсуздук жаратып жана жаз мезгилинде ак бубактар бөлүнүп чыгып, учуп, шире чачып оорукананын аянттарын булгагандыгына байланыштуу 85(сексен беш) түп теректи кыйдырууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5 – отуруму, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 –беренесинин 2 - пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун борбордук ооруканасынын аймагында эгилген көп жылдан бери жетилип, куурап-чирип, коопсуздук жараткан 85(сексен беш) түп тал – теректерди жана дарактарды кыйдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына сунушталсын жана Гүлчо айыл аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылыштын депутаттары тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын башчысы Калдыбаев Жумабайга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчо айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |