Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/11
Алымбек датка эс алуучу жайды оңдоп-түзөө иштери болуп жаткандыгына байланыштуу жана Нарматов көчөсүнүн тротуарларындагы көп жылдык өсүп, жетилип турган дарактар асфальт басуу үчүн тоскоолдуктарды жаратып жаткандыктан, жалпы 45 (кырк беш) түп дарактарды кыйдырууга жергиликтүү кенеш тарабынан макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарматов көчөсүндө жайгашкан Алымбек датка эс алуу жайынын территориясында оңдоп-түзөө иштери жана асфальт басуу иштеринде тоскоолдук жараткан 45(кырк беш) түп теректи кыйдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына сунушталсын жана Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын депутаттары тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору Ж.Калдыбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы , муниципалдык менчик боюнча кеңештин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Самиев |