Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/12
«Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына таштанды таштоочу 1(бир) даана автомашина жана асфальт жолдорду тазалоочу 1 (бир) даана автомашина сатып алуу үчүн Ош облусттук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо үчүн макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5–отуруму, Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу ишканасына таштанды таштоочу 1 (бир ) даана автомашина жана асфальт жолдорду тазалоочу 1(бир) даана автомашина сатып алуу боюнча Ош облусттук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо үчүн макулдук берилсин.
2. Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу ишканасына таштанды таштоочу 1(бир ) даана автомашина жана асфальт жолдорду тазалоочу 1 (бир) даана автомашина сатып алуу үчүн Ош облусттук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтомду Ош облусттук өнүктүрүү фондусуна сунуштоодо, биринчи өздүк салым үчүн 1 млн сом акча каражаты , Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдетендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Самиев |