Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/14
Будалык аймагынын Кара-Суу айылынын тургундары тарабынан жаңыдан салынып жаткан спорт комплекске Дурсуматов Сыдыктын ысымын ыйгаруу сунушу жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун негизинде, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык аймагынын Кара-Суу айылынын жашоочулары тарабынан 14.11. 2023-жылы болгон элдик жыйындын протоколунун негизинде, Будалык айыл аймагында жаңыдан салынып жаткан спорт комплекске Дурсуматов Сыдыктын ысымы ыйгарылсын.
2. Дурсуматов Сыдыктын ысымы ыйгарылган спорт комплекске жумшалган акча-каражат чыгымдарын Дурсуматов Сыдыктын үй-бүлөөсү тарабынан каржылангандыгы белгиленсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык этика жана кеңештин ишмердүүлүктөрү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Самиев |