Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/15
Жылуу-Суу айылындагы Ак-Төр жана Сары-Ой жайлоолорунун кире бериш жерине Жылуу-Cуу айылынын тургундарынын демөөрчүлүгү астында Арка орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Г.Ниязбековдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын депутаттары тарабынан Жылуу-Суу айылынын Ак-Төр жана Сары-Ой жайлоосунун кире беришине демөөрчүлөр тарабынан Арка орнотуу боюнча сунушу жактырылсын жана жумшалган акча каражаты демөөрчүлөр тарабынан каржыланары белгиленсин.
2.Арка орнотууда Сары-Ой жана Ак-Төр жайлоосу деген жазуудан сырткары эч кандай башка жазуулар жазылбасын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы жана муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |