Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/17
Гүлчө айыл аймагынын тургуну Шарабидинов Улукбектин сейил бактан ижарага алган жеринин аянты жана келишимдин мөөнөтү көрсөтүлбөй калгандыгына байланыштуу кайра кароо жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Шарабидинов Улукбектин , Курманжан датка сейил багынан ижарага алган жер тилкесине 18.09.2023-жылда чыккан №19/19 токтому жараксыз деп табылсын.
2.Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин пайдалануу укугун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна ылайык ижарага берүү жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик, коммуникация жол маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |