Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/18
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №3 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасынын от казандарын жаңылоо, от жагуучу жайды толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү жана эки тайпанын балдары үчүн беседка салуу боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, №3 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Н.Самиеванын билдирүүсүн угуп жана аталган балдар бакчасынын 02.04.2024-жылдагы №3 протоколун эске алып жана сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылында жайгашкан №3 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасынын отказандарын жаңылоо , от жагуучу жайды толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү жана эки тайпанын балдары үчүн беседка салуу үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Алай өнүктүрүү фондусунан суралып жаткан долбоорду көрсөтүлгөн жалпы 1 697 245 (бир миллион алты жүз токсон жети миң эки жүз кырк беш) сом, өздүк салым үчүн 320 000 (үч жүз жыйырма миң) сому 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражаты аныкталсын жана сунушталсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Самиев |