Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/19
№67 Ж.Раймкулов атындагы Кесипчилик–Лицейдин эмгек жааматынын, аты аталган окуу жайда көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалап, педагогикалык кеңештин 16.03.2024-ж жыйынынын №10 протоколунун негизинде, Гүлчө айыл аймагынын тургуну Каримов Аматка, Гүлчө айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамына көрсөтүү сунушу жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, ушул 7-чакырылыштын Мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Апаитов Адилеттин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 5-отуруму тарабынан, Гүлчө айыл аймагындагы №67 Кесипчилик –Лицейдин эмгек жааматынын сунушу боюнча Каримов Аматка Гүлчө айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин Мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Самиев |