Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/20
Н.Сарыбашов көчөсүнүн ичүүчү таза-суу түтүкчөлөрүнүн эскилиги жетип жарылып, суунун басымы жок болуп аздан чыгып, көчөдөгү жашоочулар үчүн көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын карап берүү боюнча жазган арыздары жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты Б.Сарыбашевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Сарыбашов көчөсүнүн жашоочуларынын атынан ичүүчү таза-суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 500,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы өкмөт башчысы Н. Тажибаевге жана финансы жана экономика башчысы Н. Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Самиев |