КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-марты № 108
Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |