Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 276
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемесин жоюу маселелери жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97, 98-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемесинин каржылоосу жана штаттык саны мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 193-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
193 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | 105 | 17 |
| борбордук аппарат | 105 | 17 |
».
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) мамлекеттик мүлктү түздөн-түз жана электрондук аукциондор жана тооруктар механизми аркылуу ижарага берүү жолу менен аны натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу.»;
– 12-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– мамлекеттик мүлктүн ижара акысынан түшкөн каражаттарды которууну баланс кармоочулар менен салыштырып текшерүүнү жүргүзүү жана төлөө боюнча кийин чараларды көрүү менен карызды аныктоо;»;
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилүүгө тийиш болгон мамлекеттик имараттардын, жайлардын, курулмалардын, кыймылдуу мүлктүн жана жер участокторунун бирдиктүү реестрин түзүү;
– мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдеринин реестрин жүргүзүү жана эсепке алуу;
– мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө макул же каршы болуу жөнүндө чечим кабыл алуу;”;
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 211–213-пунктчалар менен толукталсын:
«211) ижара келишими Маммүлктө катталбаган мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик менчик формасындагы мекемелер тарабынан мамлекеттик мүлктү ижарага берүү учурларын аныктоо боюнча иш-чараларды белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
212) ижара мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдар бузулган учурда мамлекеттик органдарга, юридикалык жана жеке жактарга кемчиликтерди четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
213) өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар тарабынан максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;»;
– 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Маммүлктө 7 адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына Маммүлктүн директору, директордун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, ошондой эле Маммүлктүн борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы жана Маммүлктүн коллегиясы жөнүндө жобо Маммүлктүн директору тарабынан бекитилет.»;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн юридикалык жакты жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн жоюу комиссиясын белгиленген тартипте түзсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 681 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын;
2) Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн ижара акысын бөлүштүрүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелесин, мында 70 пайызы баланс кармоочулар тарабынан мамлекеттик имараттарды (имараттарды) күтүүгө жана оңдоого пайдаланылат, 30 пайызы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке жөнөтүлөт.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом каттоочу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемесин жоюу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 4-пунктунун 1-пунктчасын жана 6-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы № 41 (3594) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
агенттиктин башкаруу
СХЕМАСЫ
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
».