Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 2024-жылдын 2-апрели № 150

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жаныбарлардан алынган продукттардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө жободо:

1) 3-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Ыйгарым укуктар келишимге ылайык 1 жылдык мөөнөткө өткөрүлүп берилиши мүмкүн.";

3) 6-пунктта:

- экинчи абзацта "максаттарга берилген" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Жободо жана келишимде көрсөтүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;

- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча отчетторду берүү формаларын жана тартибин аныктоо үчүн жеке ветеринардык адистерге берилүүчү материалдык каражаттардын тизмегин аныктоо;";

4) 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга жана аларды үчүнчү жактарга бербөөгө;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров