Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 5-июну ПТ № 107
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү пландалган объекттерди ыкчам куруу жана реконструкциялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте төмөнкү объекттерди долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү (подрядчыларды) аныктасын:
- жаңы ат майданын (Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагы);
- Ала-Тоо аянтын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун флагштогун жана фонтанды (Бишкек шаары, Чүй проспекти);
- "Алга" Бишкек спорт борборун ("Эмгек резерви" республикалык дене тарбия жана спорт борборунун аймагы, Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 200);
- Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун чакан спорт аренасын (Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17/7);
- мектепке чейинки билим берүү мекемесин (Бишкек шаары, Чыгыш-5 кичирайону, 18/1).
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |